Бул маалыматты Бахром Саидходжаев 4-ноябрда Араван районундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча кеңешмеде билдирди. Ал ошондой эле жол-унаа кырсыктарынан 4947 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алганын кошумчалады.

2026-жылдын 9 айынын статистикасы

3624жол-унаа кырсыгы
572каза болгондор
4947жаракат алгандар

Кеңешмеде өлкөдөгү жол кырсыктарынын абалы, анын кесепеттери жана алдын алуу чаралары талкууланды. Саидходжаев жергиликтүү тургундар менен да жолугушту.

Башкармалык башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына таянып, дүйнөдө жыл сайын жол кырсыктарынан 1 миллиондон ашуун адам каза болорун, башкача айтканда, ар 24 секунд сайын бир адам өмүрүнөн ажырарын белгиледи. Мындан тышкары, жыл сайын 20 миллиондон 40 миллионго чейин адам жаракат алат.

Кыргызстандагы статистикага ылайык, 2026-жылдын 9 айында мопед жана скутер катышкан 380 кырсык катталып, 27 адам каза болуп, 419 адам жаракат алган.

Такси айдоочуларынын күнөөсү менен 37 жол кырсыгы катталып, анда 8 адам каза таап, 43 адам жаракат алган.

Айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана рулда жоопкерчиликтүү болууга чакырам.
Бахром Саидходжаев, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штаб башчысы

Саидходжаев адам өмүрүнүн коопсуздугу жол кыймылынын ар бир катышуучусунун колунда экенин баса белгиледи.