«Элкарт» улуттук төлөм системасынын оператору болгон «Межбанковский процессинговый центр» (МПЦ) жана Mastercard компаниясы санариптик төлөмдөр чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында кызматташуу меморандумун кол коюшту.

Меморандумга МПЦ башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков жана Mastercard компаниясынын Кыргызстандагы жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү башкы директору Санжар Жамалов кол коюшкан. Келишимдин негизги багыттары финансылык технологияларды өнүктүрүү, санариптештирүү, киберкоопсуздук жана накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу болуп саналат.

Кызматташтыктын алгачкы практикалык натыйжасы жаңы «Элкарт–Mastercard» санариптик кобейджингдик картасы болот. Бул жаңы төлөм куралы колдонуучуларга учурдагы «Элкарт» картасын колдонуу менен эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы системанын иштөө принцибине ылайык, өлкө ичиндеги операциялар «Элкарт» инфраструктурасы аркылуу өтсө, чет өлкөлөрдө Mastercard эл аралык тармагы аркылуу ишке ашырылат. Колдонуучуларга жаңы картаны ачуу же кошумча эсеп ачуунун кереги жок, анткени төлөмдөр учурдагы «Элкарт» картасындагы каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

200 000 000соода түйүндөрү
1карта

Карта ээлери аны Apple Pay, Google Pay же Garmin Pay санариптик капчыктарына кошуп, смартфон же акылдуу саат аркылуу дүйнө жүзүндөгү 200 миллиондон ашык соода түйүндөрүндө төлөм жүргүзө алышат. Ошондой эле, колдонуучулар чет өлкөлүк интернет-аянтчалардан товарларды жана кызматтарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.