Бишкек шаарындагы Ош базарынын аймагында, тактап айтканда Бейшеналиев көчөсүндө тогуз тамактануу жайы убактылуу жабылды.

Бул чечим борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жүргүзгөн текшерүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Текшерүү маалында аталган жайларда санитардык талаптардын олуттуу бузулуусу аныкталды. Аталган мейманканалардын иши бузулган талаптар толук кандуу шарты менен камсыз болгондон кийин гана калыбына келтирилет.