Абдымалик Айдаров Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Жаңы жетекчи 12-ноябрда өзүнүн эмгек жамааты менен тааныштырылды.

Абдымалик Айдаров медицина тармагында тажрыйбалуу адис. Ал 1990-жылдан 1997-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында билим алып, алгач анестезиолог-реаниматолог, андан кийин акушер-гинеколог адистигин алган.

  1. 1990–1997

    Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында окуган

  2. 1998

    Ош шаардык төрөт үйүндө анестезиолог-дарыгер болуп иштеп баштаган

  3. 2004

    «Доктор Айдаров» көп профилдеги стационарын негиздеген

  4. 2016

    Акушерлик жана гинекология багытындагы «Аманат» медициналык мекемесин негиздеген

Ошондой эле ал Беларусь медициналык дипломдон кийинки билим берүү академиясында окугандыгы менен, «пластикалык хирургия» багыты боюнча квалификациясын жогорулаткан.