2024-жылдын 29-сентябрында Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын XXII сессиясы өттү. Анда депутат Арыпбек Айтбаев шаар аймагындагы Жапалак айыл аймагында жайгашкан гравий жана шагыл казуучу карьерлер тууралуу маселе көтөрдү.
Айтбаевдин айтымында, өкмөттүн токтому өзгөрүп, карьерлер кайра иштей башташы мүмкүн. Ал прокуратура мыйзамсыз казылган, документтери жок же рекультивация жүргүзүлбөгөн карьерлерди кайра текшерип, жабууну талап кылды. Карьерлердин айынан жерлер калыбына келтирилбей, мал кулап, адамдар жыгылган учурлар болгонун, жайыттардын бузулуп жатканын кошумчалады.
Экономика министрлигинин өзгөртүүлөрү
Биринчи вице-мэр Оморбек Торобаев Экономика министрлигинин токтомго өзгөртүү киргизип жатканын билдирди. Анын айтымында, эгерде токтомдогу «областтык маанидеги шаар» деген сөздөн «областтык» деген сөз алынып салынса, анда Ош шаары да уруксат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Тургундардын нааразычылыгы
Жергиликтүү тургундар карьерлердин айыл чарба жерлерин бузуп, жайыттарды тарытып жатканын айтып, нааразы болуп келишет. Депутат Айтбаевдин билдирүүсүнө караганда, тургундар шагыл мыйзамсыз казылып жатканына ишенишет жана бул маселе боюнча расмий түрдө кайрылышкан.











