Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер астындагы дүмпүүлөр 17:29да катталган.
Жер титирөөнүн очогу 23 чакырым тереңдикте жайгашкан. Эпицентр Кыргызстандын аймагында, Шура айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта жана Казарман айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта болгон.
Жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү
Казарман, Орнок жана Табылгыты айылдарында жер титирөө 2 баллга чейин сезилген.
Берилген маалыматтарда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.












