Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту 4-ноябрга караган түнү бир нече жолу жер титирегенин билдирди. Биринчиси жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:34тө катталып, очогундагы күчү 5,5 баллга жеткен.
Биринчи жер титирөө
Сейсмологдордун маалыматына ылайык, биринчи дүмпүү Бор-Дөбө айылынан 14 чакырым түндүк-батышта, Талды-Суу айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта жана Ош шаарынан 110 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан очоктон чыккан.
Калктуу конуштарда сезилген күчү ар кандай болгон: Бор-Дөбөдө 5 баллга жакын, Талды-Суу, Арча-Булак жана Сары-Могол айылдарында 4 балл, ал эми Дароот-Коргон менен Нурада 3 баллдан байкалган.
Биринчи жер титирөөнүн күчү
Экинчи жана үчүнчү дүмпүүлөр
Саат 03:44тө афтершок катары экинчи жер титирөө катталып, анын күчү 3,5 баллды түзгөн. Очогу Бор-Дөбө айылынан 1 чакырым түштүк-батышта жайгашып, айылдын өзүндө да 3,5 балл сезилген.
Үчүнчү жер титирөө саат 04:50дө болуп, эпицентрдеги күчү 4,5 баллга жеткен. Бул дүмпүүнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын, Бор-Дөбөдөн 8 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таштан 35 чакырым жана Оштон 126 чакырым алыстыкта болгон.
Анын калктуу конуштарга тийгизген таасири да ар түрдүү болгон: Бор-Дөбөдө 4,5 баллга жакын, ал эми Талды-Суу, Сары-Таш, Кара-Киндик, Сары-Могол жана Нура айылдарында 3,5 баллга жакын сезилген.
Үчүнчү жер титирөөнүн күчү
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.



















