Каракол, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров барактуу үйлөрдүн жанындагы жер участокторун тариздөө маселесин карап чыкты. Тургундардын айтымында, көптөгөн үй ээлери өз үйүнүн жанындагы жерди расмий түрдө каттата албай жатышат.

Жолугушууда Караколдук беш баланын энеси Бактыгүл өзүнүн жашоосундагы кыйынчылыктарды айтып берди. Ал тогуз жыл мурун барактуу массивден төрт бөлмөлүү үй сатып алганын, бирок үй авариялык абалда экенин билдирди. Жаңы үй куруу максатында үйүн бузуп, жерди тариздөөгө аракет кылганына карабастан, ал ийгиликке жетпеген.

Анын айтымында, кадастр органдары №50 токтом убактылуу токтотулгандыктан, жерди тариздөө мүмкүн эмес деп жооп беришкен. Ошондой эле, бардык кошуналардан макулдук алуу талап кылынган, бул болсо абдан татаал процесс болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров жер участогу корголгон жана үй ээси тарабынан иш жүзүндө колдонулуп жатса, эмне үчүн ал азырынча тариздөөлөнбөй жатканын сурады.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бул маселе көптөгөн үй ээлери үчүн жалпы экенин белгиледи. Министрдин түшүндүрмөсүнө ылайык, мурда мындай үйлөрдү жарандарга өткөрүп берүүдө үйлөрдүн өзү гана катталып, техникалык паспорт берилген, ал эми жанындагы жер участоктору муниципалдык менчикте калып келген.