Ош облусунда жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Айдоочулар менен жолдун башка катышуучуларына жол жүрүү эрежелери тууралуу маалымат берүү максатында атайын брошюралар таратылууда.

Бул иш-чараны Ош облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү уюштуруп, анын негизги максаты– жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү.

Таратылган брошюралар жол жүрүү эрежелерин так сактоого жана жолдо жарандардын коопсуздугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт.