Мамлекеттик камсыздандыруу уюму (ГСО) 2026-жылдын башынан тартып жалпы 460 миллион сомго жакын камсыздандыруу доолорун төлөдү. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өтүп жаткан маалымат жыйында ГСОнун камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев билдирди.

Азатбек Осмоналиевдин айтымында, камсыздандыруу доолору жана төлөмдөрдүн тартиби жарандар үчүн актуалдуу темалардын бири бойдон калууда. Анткени камсыздандыруу учурлары болгондо талаптар убагында аткарылып, керектүү документтердин тактап берилүүсү маанилүү.

Ал кошумчалагандай, доо берүүдө жарандар келишимдин шарттарын көңүл буруп окушуп, камсыздандыруу учурунун болгонун тез арада билдирип, ал доого тиешелүү документтерди даярдап берүү зарыл.