Мамлекеттик салык кызматы салык органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин бекитти. Бул тизмеде коррупциялык тобокелдиктер системалык, потенциалдуу жана ситуациялык болуп үч топко бөлүнгөн. Ошондой эле алар төмөн, орто жана жогорку деңгээлдерге бөлүнүп, ар бир тобокелдикке карата эң көп таасир этүүчү түзүмдүк бөлүмдөр жана кызматтуулардын кызмат орундары аныкталган.
Жогорку тобокелдиктер
Салык кызматы системалык жогорку тобокелдик катары камералык текшерүүнүн жыйынтыктарын салык төлөөчүгө кысым көрсөтүү куралы катары колдонууну белгиледи. Бул кырдаалда ишкерди салыктык контролдоонун чараларын алып салуу же жеңилдетүү, кошумча салыктык төлөмдөрдү азайтуу же мыйзамда каралган чараларды колдобоо үчүн расмий эмес макулдашууларга мажбурлоо мүмкүнчүлүгү бар.
Потенциалдуу жогорку тобокелдик катары чыгуучу текшерүү учурунда салык инспекторунун ишкер менен сүйлөшүп алып, сый акы үчүн салыктык көрсөткүчтөрдү жана милдеттенмелерди азайтуу мүмкүнчүлүгү көрсөтүлгөн. Ушундай эле жогорку тобокелдик камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө боюнча текшерүүлөрдө да белгиленген.
Алкоголь продукциясын чыгаруучулар
Өзгөчө белгиленген жогорку тобокелдиктер этил спирти жана алкоголь продукциясын чыгаруучуларды текшерүүдө кездешет. Бул жерде компанияларды текшерүү пландарына тандап алуу, актыларга өндүрүш көлөмү жөнүндө толук эмес маалыматтарды киргизүү жана табылган мыйзам бузууларды сый акы үчүн жашыруу сыяктуу бузуулар мүмкүн экени айтылган.






