Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищесинде 7-ноябрдан 15-ноябрга чейин Санкт-Петербургдун балет өнөрүнүн алдыңкы адистеринин катышуусунда мастер-класстар өткөрүлүүдө. Бул иш-чара мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга жана окуучулардын практикалык көндүмдөрүн өстүрүүгө багытталган.
Мамлекеттик маданият министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, билим берүү программасы хореографиялык искусствонун негизги багыттарын камтыйт. Адистер эркектер жана аялдар класстарында классикалык бийди окутуу методикасы, мүнөздүү, тарыхый-тиричилик жана дуэттик-классикалык бий, ошондой эле актердук чеберчилик боюнча сабактарды өткөрүп жатышат. Мындан тышкары, өндүрүштүк практиканы уюштуруу маселелери да каралууда.
Санкт-Петербургдун адистери катышууда
Мастер-класстарга Санкт-Петербург мамлекеттик Римский-Корсаков атындагы консерваториясынын жана Борис Эйфмандын бий академиясынын окутуучулары тартылган. Алардын арасында төмөнкү белгилүү инсандар бар:
- Кубат Боскунбаев— А. Я. Ваганова атындагы орус балети академиясынын бүтүрүүчүсү, Леонид Якобсон атындагы академиялык балет театрынын жана Михайловский театрынын мурдагы солисти
- Мартина Звездана— Борис Эйфмандин бий академиясынын тарыхый-тиричилик бий боюнча окутуучусу
- Сергей Горбатов— Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясынын доценти, искусство таануу боюнча кандидат
- Вероника Иванова— РФ маданияттын эмгек сиңирген кызматкери, Мариинский театрынын мурдагы премьер-балеринасы
- София Лазуткина— РФ эмгек сиңирген артисткасы, Мариинский театрынын мурдагы премьер-балеринасы














