Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Башкы башкармалыгы менен биргеликте «Иркештам» чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма өткөрмө кагаздарды даярдоо жана берүү фактысын аныктады.
Тергөө учурунда Чек ара кызматына караштуу бир аскердик бөлүктүн айрым кызматкерлери жарандардан акча алып, алардын ордуна жасалма документтерди системалуу түрдө даярдап берип келгени белгилүү болду.
Өткөрмө кагаз үчүн алынган акынын өлчөмү
Бул факты боюнча аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 379-беренеси (документтерди жасалмалоо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштеринин алкагында эки аскер кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы учурда бул схемага катышып турган башка кызмат адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.












