Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Лейлек чек арачылык отрядынын подполковнигин кармады.
Ал кызмат ордун кыянат пайдалануу, контрабандалык товарларды башка өлкөлөргө мыйзамсыз өткөрүү жана курал-жарак сактоо боюнча шектелүүдө.
Подполковник учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ишти тергөө жүрүүдө.
