Мамлекеттик бажы кызматты 2026-жылы бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн 200 миллиард сомго чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул максатка жетүү үчүн ар бир бажы органынын мүмкүнчүлүктөрүн терең изилдөө жана болжолдуу көрсөткүчтөрдү тактоо тапшырмасы берилди.

Улан Кимсановдын айтымында, 2026-жылга карата бажы төлөмдөрү боюнча алгачкы прогноз 142 миллиард 300 миллион сомду түзгөн, кийинчерээк ал көрсөткүч 187 миллиард сомго чейин көтөрүлгөн. Жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча, кирешени 197–198 миллиард сомго чейин жеткирүү мүмкүн экени көрүнүп турат.

Тиешелүү башкармалыктарга ар бир бажы органынын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана болжолдуу планды 200 миллиард сомдук деңгээлде иштеп чыгууну тапшырам.
Улан Кимсанов, Мамлекеттик бажы кызматтынын төрагасы

Төрага тарабынан ар бир бажы органы боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү түзөтүү, колдо бар резервдерди жана тобокелдиктерди аныктоо боюнча тапшырма берилди. Бул маалыматтар үч күндүн ичинде даярдалып, тиешелүү буйрук менен бекитилет.

Бажы кирешелерин башкаруу башкармалыгынын башчысы Эркинбек Иманалиевдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын ноябрь айына карата бажы төлөмдөрү боюнча план 18 миллиард 930,1 миллион сомду түзөт.

Ноябрь айындагы көрсөткүчтөр

18 275,4млн сом (фактикалуу түшкөн)
18 930,1млн сом (план боюнча)
96,5%пландын аткарылышы

Учурда пландын толук аткарылышы үчүн дагы 654,7 миллион сомдук түшүмдү камсыздоо зарыл.