Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Лейлек району боюнча чек ара отрядынын штабынын башчысы контрабанда уюштуруп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кармалганын билдирди.

Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү жана контрабанда жүк ташууга байланыштуу көптөгөн фактылар аныкталды. Ошондой эле, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо боюнча фактылар бар.

Шектүү катары кызматтык бөлүмдүн орун басары, Лейлек чек ара отрядынын штабынын башчысы, майор М.А. кармалып, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы кызматкерлеринин мыйзам бузуу фактыларын жабуу аракети боюнча да териштирүү амалдарын жүргүзүүдө. Жооптуу кызмат адамдарынын кылмыштуулукту убагында билдирбегендиктерине да мыйзамдуу баа берилет.

Бул иштер боюнча иликтөө уланууда жана кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.