Кыргызстандын 22 тонналык хурма партиясы Россиянын Россельхознадзор ведомствусунан карантиндик фитосанитардык контролдон өтүп, продукцияны колдонууга уруксат алды. Бул тууралуу Россельхознадзордун Сибирь аймактык башкармалыгы билдирди.
Жүк келгенден кийин алуучу тарабынан ведомствого өз алдынча билдирүү берилген. Хурманын партиясына экспорттоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификаты тиркелген.
Текшерүү учурунда адистер хурмадан үлгүлөрдү алып, аккредитацияланган лабораторияга экспертизага жөнөтүшкөн. Изилдөөнүн максаты — продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо болгон.
Лабораториянын жыйынтыгы боюнча алынган үлгүлөрдө эч кандай карантиндик объекттер табылган эмес. Ушул негизде мамлекеттик инспектор продукцияны максаттуу пайдаланууга укук берүүчү мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контрол актысын толтуруп чыкты.






