Новосибирск облусу боюнча Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, милиция кызматкерлери чет өлкөдө жашаган мекендештерди Орусияга ыктыярдуу көчүрүүгө көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программага катышуу үчүн арыз берүүдө атайылап жалган маалымат берүү фактысын аныкташкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны документтерди тапшырууда квалификациясын жана орус тилин билүүсүн ырастоо үчүн орто кесиптик билими тууралуу жасалма диплом көрсөткөнү такталган.

Мамлекеттик программанын катышуучусу статусу жокко чыгарылып, кийинчерээк Орусиянын жарандыгын алуу жөнүндөгү арызды четке кагуу чечими кабыл алынган.

Жасалма документ көрсөтүүнүн дагы бир кесепети — аялга өлкөгө узак мөөнөткө кирүүгө тыюу салуу болду. Ошондой эле анын Орусиядагы учурдагы болуу мөөнөтү кыскартылды.

Аял мамлекеттик колдоо чаралары катары мурда алган акча каражатын федералдык бюджетке толук көлөмдө кайтарууга милдеттүү. Эгерде ыктыярдуу түрдө төлөөдөн баш тартса, каражат сот аркылуу өндүрүлөт.