Кыргызстан элчилигинин өкүлү Айымкан Кулукеева ММК аркылуу Россияда жашап жаткан кыргызстандыктардын миграциялык статусу тууралуу түшүндүрмө берди. Ал белгилегендей, Россияда кирүүгө тыюу салынган жана текшерүү реестрине кирген жарандар эки башка категорияны түзөт.
Кара тизмеге киргендер, башкача айтканда Россияга кирүүсүнө тыюу салынгандар, Россиянын аймагын таштап кеткен. Тыйуу мөөнөтү ар кыл: беш жылдан баштап 50 жылга чейин берилет. Мунун баары мыйзам бузуу мүнөзүнө жараша бекитилет.
Тыйуулардын негиздери катары административдик укук бузуулар жана миграциялык мыйзамдардын бузулушу көрсөтүлөт. Россиянын тиешелүү органдары бул мыйзам бузуулардын өзгөчөлүгүнө жараша кирүүгө тыюуну белгилешет.
Ошол эле мезгилде 99 миң кыргызстандык бул «кара тизмеге» кирбейт, алар текшерүү реестрине киргизилген. Бул адамдар эми да Россияда жашап жатканын Кулукеева баса белгиледи.
Текшерүү реестринде турган жарандар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, аларды «Сахарово» миграциялык борборуна алып барып, чыгарып жиберүү мүмкүнчүлүгү бар.
Мындан тышкары, текшерүү реестринде болуу айрыкча кыйынчылыктарды жаратат: банктык карта блоктоого алынат, документ алуу жана расмий иштерде тоскоолдуктар жаралат.












