31-октябрда Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) коллегия жыйыны өттү. Анда 2026-жылдын тогуз айында өлкөдө 2 895 кырсык катталганы, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 13%га төмөн экени маалымдалды.

Ведомствонун маалыматы боюнча, катталган кырсыктардын кесепетинен жана өзгөчө кырдаалдардан 391 адам куткарылган. Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 13,6%га жогору.

Негизги көрсөткүчтөр

2 895катталган кырсык
391куткарылган адам
11 388коркунучтуу аймак
6 036түз коркунуч жараткан аймак

Өлкө боюнча 11 388 коркунучтуу аймак аныкталып, анын ичинен 6 036сы түз коркунуч туудурат. Коркунучтуу жаратылыш процесстерин көзөмөлдөө жана тобокелдиктерди баалоо үчүн тогуз айда 1 879 инженердик-изилдөө иши жүргүзүлгөн.

Коргоо иштеринин жыйынтыгы

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын алкагында 12 874 метр коргоо дамбасы жана 131 метр темир-бетон тосмолор курулган. Натыйжада сел жана суу каптоо коркунучунан 4 320 турак үй жана 1 849 гектар айыл чарба жери корголгон.

Мындан тышкары, жыл башынан бери 119 унаа сатып алынган. Ведомство аларды аймактардын муктаждыктарына жараша бөлүштүрүү, натыйжалуу пайдалануу жана техникалык жактан иштегидей абалда кармоо маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле сегиз өрт-куткаруу бөлүмүнүн курулушу аяктап, анын үчөө ишке киргизилди.