Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда 28 млн 913,8 миң чарчы метр кездеме өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 20,4% жогору.

2025-жылдын январь-сентябрь айларында өлкөдө 24 млн 10,9 миң чарчы метр кездеме чыгарылган. Демек, бир жыл ичинде өндүрүш 4 млн 902,9 миң чарчы метрге көбөйгөн.

Кездеме өндүрүүнүн динамикасы

28,9 млнчарчы метр (2026-ж., 9 ай)
24,0 млнчарчы метр (2025-ж., 9 ай)
+20,4%өсүш темпи

Сентябрь айындагы төмөндөө

2026-жылдын сентябрь айында өндүрүш көлөмү 2 млн 492,1 миң чарчы метрди түздү. 2025-жылдын сентябрында бул көрсөткүч 4 млн 200,4 миң чарчы метр болгон. Ошентип, төмөндөө 40,7% түздү.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын сентябрында кездеме өндүрүү 2024-жылдын сентябрына караганда 32,5% жогору болгон.