Катардын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Маджид аль-Ансари Доханын Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалууну басаңдатуу жана тараптардын позицияларын жакындатуу боюнча жигердүү ортомчулук аракеттерин улантып жатканын билдирди.
Дипломаттын айтымында, эки тарап тең учурда макулдашууга жетишүүгө багытталган демилгелерди жана сунуштарды карап жатат.
Аймак өлкөлөрүнүн лидерлеринин ортосунда дипломатиялык чечим табуу жана эскалациянын кесепеттерин алдын алуу үчүн жогорку деңгээлдеги координация бар
Аль-Ансари ошондой эле Доханын аймактык жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташып жатканын кошумчалады.
Деңиз жолдорунун коопсуздугу
Расмий өкүл кеме каттоо эркиндиги талкууга жатпасын, ал эми Катар мунай танкерлерине карата ар кандай коркунучтарды четке кага турганын баса белгиледи.
Ал ошондой эле Иран да, АКШ да сүйлөшүү процессине берилгендигин көрсөтүп жатканын, ал эми Доха ишенимди калыбына келтирүүгө жана Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берүүчү макулдашууга умтулуп жатканын айтты.
Аймактык коопсуздук боюнча жолугушуу
Буга чейин Тегеранда Иран, Пакистан, Түркия жана Сауд Арабиясынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусу өткөн. Анда аймактык коопсуздук жана туруктуулук маселелери талкууланган. Жолугушуунун демилгечиси Пакистан болгон.




















