Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарында Улуттук онкология жана гематология борборунун жабдууларын жаңылоо максатында тендер жарыялады.
Жарыяланган тендерге ылайык, борбор үчүн эндоскопиялык жабдыктар, эндоскопторду жуугуч автомат жана сактоо үчүн шкафер сатып алуу пландалып жатат.
Эндоскопия жабдыктары рак оорулары менен күрөшүүдө алдын ала диагностика жана дарылоодо маанилүү роль ойнойт, ал эми жаңы жабдыктар борбордун медициналык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртып, бейтаптарга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат.

