Кыргызстанда балдар онкологиясын өнүктүрүү жана дарылоону жакшыртуу максатында атайын медициналык жабдуулар сатып алууга тендер жарыяланды.

Улуттук төрөт жана балдар саламаттыгын коргоо борборунун маалыматына ылайык, бул сатып алууларга бөлүнгөн каражаттын көлөмү 209,5 миллион сомду түзөт.

Тендер боюнча бардык тиешелүү расмий маалымат өлкөнүн мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.