Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору 2026-жылдын башынан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, ошондой эле бизнес өкүлдөрүн ГЧП долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча окутууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, Талас шаарында ГЧП механизмдери боюнча базалык курстан 30дан ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өттү.
Бишкек, Чүй жана Нарын облустарында ГЧП долбоорлорун түзүмдөштүрүү жана башкаруу боюнча тренингдер өткөрүлдү. Катышуучулар инфраструктуралык долбоорлорду даярдоо жана жеке инвестицияларды тартуу маселелерин үйрөнүштү.
Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун Регионалдык инвестициялык кеңешинин жыйынында бизнес өкүлдөрүнө учурдагы инвестициялык демилгелер жана ГЧП долбоорлору тааныштырылды.
Жалал-Абад облусунда ишкерлерге мамлекеттик колдоонун механизмдери жана инвестицияларды тартуу жолдору түшүндүрүлдү. Атап айтканда, жер участокторун бөлүү, инфраструктураны өнүктүрүү, уруксат кагаздарын алуу, салык салуу жана долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, ГЧП борбору ишке ашырылып жаткан долбоорлордун мониторингине катышат. Окутуу жана консультациялык иш-чаралар 2026-жылдын аягына чейин улантылат.













