Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы №725 токтому менен мамлекеттик инвестицияларды башкаруунун жаңы тартиби бекитилди. Ал эл аралык макулдашуулардын негизинде тышкы зайымдарды жана гранттарды тартуу менен республикалык бюджеттен каржыланган долбоорлорго тарайт.

Жаңы эрежелер долбоорлорду демилгелөө, тандоо, даярдоо, ишке ашыруу, мониторинг жана баалоо процесстерин бирдиктүү стандартка салат. Ар бир долбоор бюджеттик жана экономикалык божомолдоо органдары тарабынан ырааттуу баалоодон өтүшү керек, андан соң Министрлер кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинде каралат.

Чыгымдарга чектөөлөр

Документте долбоорлорду даярдоодо айрым чыгым түрлөрүнө лимиттер каралган. Инфраструктуралык долбоорлор боюнча инженердик-консультациялык кызматтардын баасы долбоордун наркынын 10% ашпоого тийиш. Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана мамлекеттик башкаруу тармагындагы долбоорлор үчүн бул чек 25% деп белгиленди, ал эми операциялык чыгымдар, долбоордук кеңселерди кармоо, тренингдер жана окуулар 5% ашпашы керек.

Чыгымдарга лимиттер

10%инфраструктуралык долбоорлордо инженердик-консультациялык кызматтар
25%билим, саламаттык, социалдык жана мамбашкаруу тармагындагы долбоорлордо
5%операциялык чыгымдар, тренингдер жана окуулар

Ошондой эле долбоорлорду пландаштыруу, ишке ашыруу, мониторинг жана аяктоо үчүн кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги белгиленди. Долбоордун координатору аткаруучу агенттиктин жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызматкер болушу шарт.