Кыргызстанда кылмыштуу иштерди каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана массалык жок кылуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы туруу үчүн ведомстволор аралык кырдаалдык борборду түзүү пландалууда. Бул чара 2026–2030-жылдарга карата кылмыштуу иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы туруу боюнча мамлекеттик стратегияда каралган.
Жаңы түзүлө турган борбор чоң маалыматтарды (big data) талдоо системалары жана корголгон байланыш каналдары менен жабдылат. Бул мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтардын агып кетиш рискин азайтууга жана чектелген маалыматтарды коопсуз алмашууга мүмкүндүк берет.
- 2026–2030-жылдар
Кылмыштуу иштерди каржылоого каршы туруу боюнча стратегиянын ишке ашуу мөөнөтү
- 2027-жылдын IV кварталы
Эл аралык техникалык жана гранттык жардамды тартуу жана борборду жабдуу
Борборду жабдуу үчүн жогорку өндүрүмдүү серверлер жана атайын программалык камсыздоо керектелет. Бул максатта эл аралык техникалык жана гранттык жардамды тартуу каралган. Проектти ишке ашыруу үчүн республикалык бюджет жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары колдонулат.
40% пайыз жооп кайтаруу убактысы
Стратегияга ылайык, кырдаалдык борбордун иши коркунучтарга жооп кайтаруу убактысын төмөндөтүүгө жардам берет.
Бул багыт боюнча жооптуу органдар катары Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги, УКМК жана Тышкы иштер министрлиги аныкталган.








