Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 10-октябрда саат 14:00 чамасында Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү жанданган. Жеринде жүргүзүлгөн текшерүүдө пайда болгон жараканын узундугу 220 метрге, көчкү массасынын көлөмү 42 800 куб метрге жеткени аныкталган.

Атайын жабдуулардын жардамы менен адистер жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрди түзөрүн аныкташкан. Бул коркунучтуу көрсөткүч болгондуктан, кооптуу аймактагы тургундарды эвакуациялоо чечими кабыл алынган.

Жер көчкүнүн негизги көрсөткүчтөрү

220жараканын узундугу (метр)
42 800көчкү массасынын көлөмү (куб метр)
1,1жылыш ылдамдыгы (метр/саат)
11эвакуацияланган адам

Көчкүнүн жолунда эки турак жай, Ылай-Талаа – Гүлчө автомобиль жолу, электр подстанциясы жана электр берүү чубалгыларынын тирөөчтөрү турат. Коопсуздук максатында эки үйдөн 11 адам эвакуацияланып, алар Тогуз-Булак айылындагы туугандарыныкына убактылуу жайгаштырылды.

Азыркы учурда окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары, өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө адистери, райондук мамлекеттик администрациянын, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана ички иштер органдарынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 22–23-чакырымдарында убактылуу айланма жол курулуп жатат. Бул каттамдагы унаа кыймылын коопсуз уюштурууга мүмкүндүк берет.

Адистер жер көчкүнүн себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштерин улантууда. Алдын ала божомолдорго ылайык, жердин рельефи жана жол курулушу учурунда тоонун этегинен топурак алуу фактысы көчкүнүн жанданышына себеп болушу мүмкүн.

ӨКМ билдиргендей, абал тийиштүү кызматтардын көзөмөлүндө турат. Толук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча сунуштар даярдалат.