Кыргызстанда риелтордук ишти жөнгө салуу талкууланууда. Өлкөдө кыймылсыз мүлк менен иштеген адистер үчүн милдеттүү аттестация киргизүү каралууда, деп билдирет Nomad. Бул тармактагы кесипкөйлүктү жогорулатууга багытталган.

Аттестациядан өтпөгөн, бирок рынокто ишин уланткан риелторлорго айып пул салынышы мүмкүн. Мындай чаралар мыйзам долбоору кабыл алынып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Окутуу жана талаптар

Учурда адистерди даярдоо менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы алектенет. Окутуу эки жумага созулат жана баасы 30 миң сомду түзөт. Бул программа риелторлордун билимин текшерүүгө жана квалификациясын ырастоого мүмкүндүк берет.

Окутуу жөнүндө

2жумага созулат
30 000сом турат

Мыйзам долбоору азырынча иштелип чыгуу стадиясында турат. Анын кабыл алынышы тармакты тартипке келтирип, риелтордук кызматтардын сапатын жогорулатат деп күтүлүүдө.