Баткен областындагы Президенттин ыкчам өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева Кадамжай райондук психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине иш менен келди. Бул учурда мекемеде жашаган жарандардын абалы жана шарттары каралды.

Кадамжай районунун акиминин орун басары Мирлан Айтматов стационардын учурдагы абалы, жарандар үчүн түзүлгөн шарттар жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Стационарда жашагандар

230жаран
18+жаш курагы

Баткен областындагы Президенттин ыкчам өкүлүнүн администрациясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, учурда мекемеде 18 жаштан ашкан 230 жаран жашайт. Мамлекет тарабынан бул жарандарга тамак-аш, кийим-кече жана дары-дармектер акысыз берилет. Ошондой эле, зарылчылыкка жараша мекемеде оңдоо-тыштандыруу иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин мекемеде болгон окуяны эске салсак, 12-ноябрда 40 жаштагы бир жаран мекемеден өзүнчө кетип калган. Ал 23-ноябрда Ноокат районунан табылган.