Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 3 миң 800 үй-бүлө көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт.

Алардын ичинен 2 миң 415 үй-бүлө мамлекет тарабынан жер тилкелери бөлүнүп, жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан кооптуу аймактан көчө элек.

Кооптуу аймактарда эң көп үй-бүлө Ош облусунда катталган — 2 миң 396 үй-бөлө. Алардын ичинен 1 475и коопсуз жайларга көчүшкөн жок.

Көчкүлөр көбүнчө жазында кардын эришинен жана себеби мол жааган жаандан пайда болот. Күзүндө да узакка созулган жаанчыл күндөр кыртыштын жылышына себеп болуп, коркунучту сактап турат.

Көчкү көбүнчө жаз мезгилинде кардын эришинен жана мол жааган жаан-чычындан улам жүрөт. Бирок узакка созулган жамгыр кыртыштын жылышына себеп болушу мүмкүн болгондуктан, күзүндө да коркунуч сакталып кала берет.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ӨКМ жарандарды кооптуу аймактарда жашабоого, эскертүүлөргө катуу маани берүүгө жана коопсуз жайларга көчүп өтүүгө үндөп жатат.