Бишкекте 17-ноябрда журналисттер жана блогерлер үчүн социалдык маселелерди жоопкерчилик менен жарыктандыруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча тренинг болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тренинг Президенттеги Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин Секретариаты тарабынан Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Катышуучулар баланын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, адам укуктарын сактоо жана журналисттик этика маселелерин талкуулашты.
- Маалыматтын тактыгы
- Адамдын укуктарын жана кадыр-баркын сыйлоо
- Коом алдындагы жоопкерчилик
Коррупцияны алдын алууда маалымат каражаттарынын жана социалдык тармактардын ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова журналисттердин жана блогерлердин ачыктуулук менен шафф}["аастыкты илгерилетүүдөгү маанилүүлүгүн белгиледи.
Практикалык бөлүктө алты команда коррупцияга каршы темадагы лонгриддердин, кыска видеороликтердин жана бизнес-кейстердин концепцияларын даярдашты. Долбоорлорду баалоодо маалыматтын аныктыгы, практикалык баалуулугу жана журналисттик этиканын сакталышы эске алынды.
Ошондой эле Башкы прокуратура менен биргеликте медиа сыйлыкты түзүү жана медиа чөйрөсүндө тазалык жөнүндө декларацияны киргизүү демилгелери көтөрүлдү.























