Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратында Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин алдындагы Жаштар альянсынын ачылыш аземи ийгиликтүү өттү. Бул демилге коррупцияга каршы күрөшүүдө жаштардын ролун күчөтүүгө багытталган.
Иш-чаранын катышуучуларынын катарына мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирди. Атап айтканда, талкууга Башкы прокуратуранын, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, ошондой эле Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев коррупцияга каршы саясат жана коомдо бул кубулушка болгон келишпестик маданиятын калыптандыруу боюнча баяндама жасады. Ал жаштарды мыйзамдуулук, чынчылдык жана ак ниеттүүлүк баалуулуктарын жайылтууга тартуу маанилүү экенин белгилеп, ар бир жарандын укуктук жана этикалык нормаларды сактоодогу жеке жоопкерчилигине токтолду.
Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова жана Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков катышуучуларга куттуктоо сөзүн сунушташты. Ал эми Жаштар альянсынын төрагасы Бектан Кыдыев уюмдун миссиясы, максаттары жана уюштуруу түзүмү боюнча маалымат берди.
Бул демилгени Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), БУУнун Өнүктүрүү программасы жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү колдоп беришти.













