Ноокен районундагы Арал айылындагы орто мектеп №6 53 инновациялык мектептин катарына кирип, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү үчүн модернизацияланууда. Министрликтин маалыматына ылайык, бул иштер билим берүү тутумун заманбап шарттарга ылайык бекемдөөгө багытталган.

Азыртадан мектепте капиталдык оңдоо жүрүп, окуу кабинеттери, китепкана, STEM кабинети, эмгек окутуу лабораториясы жаңыланууда. Ошондой эле окуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлүүдө.

Мектеп жетекчилиги заманбап билим берүү реформаларын ишке ашырууда активдүү болуп, трансформациялык лидерлик жана инновациялык башкаруу программалары боюнча окутуулардан өтүп жатат. Бул мектепти башкаруунун жаңы жана эффективдүү ыкмаларын киргизүүгө жардам берет.

Оңдоодон кийин мектепте STEM лабораториялары жана санариптик окуу үчүн заманбап күрөөсүз жабдуулар орнотулуп, билимдин сапатын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү кеңейет.