Майлуу-Суу шаарындагы №2 жалпы орто инновациялык мектебинде заманбап шарттарды түзүү максатында кеңири оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Азыркы учурда химия, физика, биология, математика, география жана информатика сабактары үчүн атайын STEM-кабинеттер жаңыланууда. Мындан тышкары, мектептин коридорлорунда да оңдоо иштери жүрүүдө.
Имараттын чатырын алмаштыруу иштерин жүргүзүү учурунда жаңы терезелер алып келинди, жакынкы учурда алар орнотулат. Азыркы оңдоолор бүткөндөн кийин мектепти заманбап офис жабдуулары, видео көзөмөл системасы менен жабдылат.
Мамлекеттик деңгээлде Кыргызстан боюнча 53 мектеп инновациялык макамын алып, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, заманбап окутуу ыкмаларын жана технологияларды киргизүүгө басым жасалууда.
Инновациялык мектептерде STEM-окутууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Бул окуучулардын иликтөөчүлүк жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө багытталган.







