Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда өткөн түнү саат 2лер чамасында башталган нөшөрлөгөн жамгырдан соң сел башталды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, сел аймагында 466 короо, 76 турак үй, үч жер төлө, бала бакча жана мечит суу менен капталды.
Мындан тышкары, төрт коомдук тамактануучу жай, беш автосервис жана эки унаа жуучу жай да жабыркаган.
Учурда жеринде ыкчам штаб түзүлүп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана келтирилген зыяндын көлөмүн тактоо боюнча иштер улантылууда.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев көмөк жумуштарын уюштуруу үчүн көчмө жыйын өткөрдү.
Тиешелүү кызматтар жабыркагандарга тез жардам көрсөтүп, табигый кырсыктан келип чыккан кесепеттерди жоюу иштерин активдештирүү тапшырмаларын алды













