Ноокен районунда кечээ түнү сел жүрдү. Бул жараян 2:00 чамасында болгон жана бул мезгилде катуу жааган жамгыр сел агымын күчөттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, селден 466 чарба уюму баткакка батып, 76 турак үйдүн ичине суу кирди. Ошондой эле үч жертөлө, бир бала бакча жана бир мечит жабыркады.

Мындан тышкары, төрт коомдук тамактануу жайы, беш авто тейлөө станциясы жана эки автомойкада да зыян катталды.

Ранее по темеНоокенде сел 417 үйдү сугарып, үчүнчү даражадагы өзгөчө кырдаал жарыяланды

Облус боюнча кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн оперативдик штаб түзүлүп, активдүү иш жүргүзүлүүдө. Президенттин өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдуллаев кырдаалды жеринде көзөмөлдөп, тиешелүү кызматтарга тез арада калыбына келтирүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Азырынча жабыркагандарга коопсуздук жагы камсыздалууда жана зыяндын так көлөмү аныкталууда. Ар кайсы кызматтар менен 451 адам жана 22 бирдик инженердик техника ишке тартылды.