Кыргызстанда концерттерге, китепканаларга жана башка маданий иш-чараларга билеттерди «Тундук» тиркемеси аркылуу сатып алууга боло турганын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

Министрдин айтымында, бул жаңы санариптик система билет сатып алууда ортомчуларды болтурбоо максатында иштелип чыккан. Мисалы, шаар тургундары концерттерге билеттерди сатып жатканда ортомчулардын катышуусу боюнча көп даттануулар болгон.

«Жеке билеттик системалардын кызмат көрсөтүүсү кымбат болуп, 10-12 пайызга чейин чыгымдарды түзөт. Биз өз системабызды түзүп, түз байланышта иштейбиз, ошону менен 1-3 пайыз гана төлөм жана банктык чыгымдар эсепке алынып, тейлөө чыгымдары азайтылат», — дейт Мирбек Мамбеталиев.

Бул билеттик система бүтүндөй Кыргызстан боюнча иштейт жана бардык маданий мекемелер ал менен интеграцияланат. Билеттерди сатып алуу тиркеме аркылуу, үйдөн чыкпай эле жүзөгө ашат.