27-июлда Бишкек шаарындагы 5 миңден ашык абоненттин электр энергиясы алыстан өчүрүлөт. Бул тууралуу "ОАО «НЭСК» Бишкек электр тармактар ишканасы" билдирди. Өчүрүүнүн себеби — электр энергиясы үчүн болгон дебитордук карыздар.
Келип чыкчу ыңгайсыздыктарды алдын алуу максатында, аталган ишкана абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.
Абоненттер үчүн ыңгайлуулук жаратуу максатында, ишкананын сайтында «Абоненттин балансы» бөлүмү иштейт. Анын жардамы менен үй тиричилигиндеги жана өндүрүштүк абоненттер өзүнүн жеке эсебинин абалын каалаган убакта текшере алышат.
Мындан тышкары, үй тиричилигиндеги абоненттер балансын «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу билсе болот.
Ошондой эле, абоненттер 24 саат бою иштеген колл-борборго кайрылса болот:
- 105
- 0772001209, 0556001209
- WhatsApp: 0702001209


