Энергетика тармагындагы тажрыйбасы менен Рустам Сакиев «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын башкы директору болуп дайындалды. Компаниянын Директорлор кеңеши мындай чечим кабыл алган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги тарабынан маалымдалды.

13-ноябрь күнү Энергетика министрлигинин орун басары Мирлан Парханов жаңы жетекчи менен ишкананын жамааты менен тааныштырды. Жолугушууда компаниянын алдында турган негизги максаттар айтылды.

  • электр тармактарын модернизациялоо
  • инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу
  • энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү
  • керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо

Айрыкча күз-кыш мезгилинде энергетика системасынын туруктуу иштеши, ошол эле учурда ремонтдук иштерди өз убагында жүргүзүү жана санариптик технологияларды киргизүү маселелерине басым жасалат. Жаңы жетекчи И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүткөн.

Кадр чечими

Дайындалды

Рустам Сакиев

энергетика тармагында 2011-жылдан бери иштейт