Президент Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөнүн коопсуздук чөйрөсүндөгү имиджи бир топ жакшырганын жана бул процесс туризмдин өсүшүнө жана инвестициялардын көбөйүшүнө түздөн-түз таасир эткенин белгиледи. Бул маалыматты Президенттин Пресс-кызматы бөлүшүүдө.

Президент бул маселелерди Иссык-Көл облусунун иш сапарынын алкагында Иссык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушууда көтөрдү.

Жолугушуу учурунда аймактын тургундары социалдык-экономикалык өнүгүү жана инфраструктура маселелерин көтөрүштү. Атап айтканда, темир жолнун жаңы бутмасын куруу, ичүүчү суу менен камсыздоо, сугат каналдарын өткөрүү жана тоо ашуусуна жол куруу сыяктуу маанилүү темалар талкууланды.

Ошондой эле ипотекалык турак жай берүү жана жер талаштарын жөнгө салуу маселелери каралды. Мындан тышкары, тургундар Ысык-Көл көлүнүн экосистемасын сактоо боюнча өз сунуштарын киргизишти.

Президент аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө көтөрүлгөн маселелерди кылдаттык менен карап чыгууну жана чечимдерди мыйзам чегинде кабыл алууну тапшырды, - деп билдирди Президенттин Пресс-кызматы.