Нарын шаарында РТС аймагындагы панорамалык зонаны өнүктүрүү улантылып жатат. Шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев бул аймакта туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берди.
Мэрдин буйругуна ылайык, тепкичтерге жарык берүү жүргүзүлүп, аймактын коопсуздугу жана тазалыгы камсыздалат. Андан сырткары, таштандыларды салуу үчүн атайын урналар орнотулмакчы.
Панорамалык зонага жеткирген көпүрө оңдолуп, ишкерлер менен биргеликте туристтик инфраструктура түзүү иштери күчөтүлөт.
Бул долбоор Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында ишке ашырылууда. Тепкичтердин узундугу 238 метрге жакын экендиги белгиленди.




