Нарын шаарында РТС аймагындагы панорамага алып баруучу тепкичте күн энергиясы менен иштеген заманбап шамдар орнотулду.
Бул иш-чаралар шаардын мэри Жылдызбек Беккелдиевдин тапшырмасы менен аткарылып, шаар тургундары менен коноктордун түнкү убакта ошондой эле жарыктандыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ишке ашырылды.
Жумуштар "Нарын шаарын чыңдоо" программасынын алкагында жүргүзүлүп, ага 6,5 миллион сом бөлүнгөн.


















