Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев «Иркештам» өткөрмө бекетинде иштеп жаткан иштер менен таанышып, бул жайдын стратегиялык маанисин белгиледи. Бул өткөрмө бекет Борбор Азия өлкөлөрүн Кытайга туташтырган негизги транзиттик багыттардын бири болуп эсептелет.
Азыркы учурда өткөрмө бекетте ири масштабдуу модернизация иштери жүрүүдө. Модернизациянын жыйынтыгында өткөрүү кубаттуулугу бир багытта саатына дээрлик 1000 транспорт каражатына жетиши пландалууда.
- Өткөрмө бекеттин аймагы 8 гектарга чейин кеңейтилет
- Жаңы имараттар курулат
- Кирүү жакта 6 жана чыгуучу жакта 4 тилкеден түзүлөт
- Жаңы инспекциалык-төнкөрүү комплекси курулуп, саатына 120 унаа өткөрө алат
- Жол инфраструктурасы өнүктүрүлөт
- Кошумча автотурактар түзүлөт
Алмаз Салиев мамлекеттик контролдоо органдары жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк катышуучулары менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле, ГТИ алдында курулуш иштерин тездетүү жана подрядчылар менен кызматташтыкты активдештирүү милдеттери коюлду.









