Аркыт айылы Сары-Челек мамлекеттик коругунун ичинде жайгашкан. Бул аймак 1959-жылы биосфералык корук болуп түзүлгөндөн бери андагы калктын саны кыскартылган, бирок азыр 1500 адам жашайт.

Эксперттер калктын көбөйүшү менен малдардын саны да өсүп, бул аймактагы жапайы жаныбарларга жана табигый турмушка зыян келтириши мүмкүн экенин эскертишет.

Корукта мал багууга, дарак кесүүгө тыюу салынгандыгы айтылууда. Бул чектөөлөр экосистеманы сактоо жана биоар түрдүүлүктү коргоо максатында киргизилген.

Өзүбүздүн мыйзамдарга ылайык, биосфералык коруктун аймагында мал багууга жана дарыяларды колдонууга тыюу салынган.
биолог Орозбай Маматкулов

Калктын көбөйүшү жана айыл чарбасындагы ишмердүүлүк коруктун кылдат башкарылышын талап кылат. Кыргызстанда жаратылышты коргоо аянты кээ бир өнүккөн өлкөлөрдөгү критерийлерден төмөн турат.