Кыргызстанда 2026-жылдын январь-май айларында 684,5 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 15-июлда Евразиялык экономикалык комиссиянын статистика департаменти маалымдады.
Жылдык салыштырмалуу өсүү 13,1 пайызды түздү. Турак жай курулушунун көлөмү 48,3 миллиард сомго жетип, 0,7 пайызга өсүш болду.
ЕАЭБ өлкөлөрү арасында Кыргызстан, Казакстан жана Арменияда турак жай курулушу жана пайдаланууга берүү боюнча позитивдүү динамика байкалса, Белоруссия менен Россияда тескери көрсөткүч катталды.
















