Президент Садыр Жапаровдын тескемеси менен Мирлан Шеримкулович Урматов Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush агенттиги билдирди.

Мирлан Урматов бул кызматта Болоткан Баяке уулунун ордун ээлеп жатат. Ал президенттин тескемеси менен Баткен районунун акими болуп дайындалган.

Кадр чечими

Кызматтык алмашуу

Бошотулду

Болоткан Баяке уулу

Дайындалды

Мирлан Урматов

Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары

Президенттин тескемеси менен

Жаңы дайындалган акимдин мурунку ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар төмөндөгүдөй:

  • З. Кайназарова атындагы Сокулук районунун айыл өкмөтүнүн башчысы
  • Гаврилов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
  • Кожомкул айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
  • Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары