Жакын арада мектептер ачыларда, билим берүү тармагындагы зомбулукту алдын алуу маселелери Министрликте талкууланды.
Бул маселе боюнча мектептердеги коркутууларды жана зомбулукту азайтуу максатында министрликтин орун басары Виктория Мозгачёва Жогорку соттун курамындагы Жогорку адилет мектебинин директору Эркинбек Токтомамбетов жана анын орун басары Айгуль Абдыкеримова менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги темалары окуучулар ортосундагы зомбулукту алдын алуу жана окуу жайларында коопсуз жана достук чөйрөнү түзүү боюнча болду.









