Кыргызстандын премьер-министри, Президенттин администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев Иссык-Күл облусундагы бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин эл аралык иш-чараларга даярдыгын текшерди.

Сапардын алкагында ал «Иссык-Күл» эл аралык аэропортундагы абалды карап чыгып, жасалып жаткан даярдыктар менен таанышты.

Ошондой эле, Иссык-Күл районунун Бает айылында өтө турган «UIM F1H2O – Кыргызстандын Иссык-Күл Гран-при 2026» эл аралык спорттук мелдешине даярдык жакшы жүрүп жатканын угуп, тиешелүү инфраструктуралардын уюштурулушу менен таанышты.

Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна барып, «Golf Resort Иссык-Күл» комплекси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Мындан тышкары, премьер-министр этномаалыматтарды өнүктүрүү, ат спорту жана тукум тутоо борборунун (ипподромдун) курулушу, ошондой эле ат спорту боюнча мелдеш өтүү үчүн жаңы аренанын долбоору менен таанышты.

Сапардын жыйынтыгында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бардык даярдоочу иштерди белгиленген мөөнөттө толук бүтүрүү, коопсуздукту камсыздоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана катышуучулар менен коноктордун атайын камылгаларын жеткиликтүү жана жогорку деңгээлде уюштуруу тапшырылган.