Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин кеңейтилген жыйынында депутат Камила Талиева экономика өсүп жатканда салыктык кирешелердин бул көрсөткүчтөрүнө жооп бербей жатканын белгилеп, мунун себеби салыкты башкаруунун натыйжасыздыгыбы же пландаштыруудагы каталарбы деп сурады.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул кырдаалды ири инвестициялык долбоорлор үчүн салык жеңилдиктери берилип жатканы жана чакан, орто бизнестин салыктарын төмөндөтүү менен түшүндүрдү.

Инвестор жабдыктарды алып келип, завод куруу үчүн бир нече жыл жумшайт, ошондуктан биз аны салыктардан толугу менен бошотобуз. Эгер ал келбесе, бул салыктар да болбойт. Алдыдагы төрт-беш жылда биз инвестицияларга басым жасайбыз. Экономика салыктардан тезирээк өсүп жаткандыктан, үлүш төмөндөп жатат, бирок абсолюттук сумма ар дайым өсөт.
Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин төрагасы

Касымалиев жыйналкан каражаттардын өсүшүн салыкты башкарууну өркүндөтүү жана санариптештирүү менен байланыштырды.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бюджетке түшүү боюнча пландар төмөнкүдөй такталды:

Кирешелер боюнча пландын такталган көрсөткүчтөрү

  • Салык кызматы341 млрд сом
  • Бажы кызматы187 млрд сом
  • Салыктык эмес кирешелер235 млрд сом

Финансы министрлиги

Кирешелер боюнча пландын такталган көрсөткүчтөрү
Салык кызматы341 млрд сом
Бажы кызматы187 млрд сом
Салыктык эмес кирешелер235 млрд сом

Муну менен бирге, мурда белгиленген пландык көрсөткүштөр төмөнкүдөй болгон.

КөрсөткүчМурдаАзырӨзгөрүү
Салык кызматы273 млрд сом341 млрд сом +25%
Бажы кызматы142 млрд сом187 млрд сом +32%
Салыктык эмес кирешелер120 млрд сом235 млрд сом +96%